Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде (КТМУ) студенттердин жаңы окуу жылындагы жана жакындап калган кыш мезгилиндеги муктаждыктарына салым кошуу максатында жарманкеси уюштурулду. Университет кызматкерлеринин ыктыярдуу эмгеги жана факультеттердин колдоосу менен даярдалган азык-түлүк сатуудан түшкөн киреше студенттерге жардам көрсөтүү үчүн жумшалат.
Чыңгыз Айтматов атындагы студенттер шаарчасынын «Оба» чай бакчасында өткөрүлгөн жарманкеде тамак-аштар жана таттуулар сатылды. Университет жамааты менен студенттердин башын бириктирген бул иш-чарада музыкалык жана бий топтору өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Ыктыярдуу салымдар студенттик колдоого айланууда
Жарманкенин ачылышында сөз сүйлөгөн КТМУнун проректору профессор Исмет Алтынташ университеттин студенттердин билим алуусуна берген колдоосу алардын жашоо шартын да камтый турганын белгиледи. Түрк маданиятындагы имеже салтын эске салган Алтынташ, бул жарманкени биргелешип өндүрүү, бөлүшүү жана жоопкерчиликтүү болуу университет жашоосунун бир үлгүсү катары баалады.
Түркиядагы жогорку билим берүү жыйынына катышкандыгына байланыштуу программага катыша албаган ректор профессор Алпаслан Жейландын саламын айткан Алтынташ, даярдыктарга салым кошкон университет кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.
Студенттерге кайрылып, алар бүгүн көрүп жаткан колдоону келечeкте да башка жаштарга да жеткирүүсүн өтүнгөн Алтынташ: «"Манас" — боордоштук, "Манас" — көңүл каалгасы. "Манас" — чоң үй-бүлө. "Манас" — Түрк дүйнөсүнүн келечеги», — деди.
Жатакана орундарын болжол менен 2500гө жеткирүү максатталууда
Алтынташ өз сөзүндө акысыз билим берүү, жатакана жана тамак-аш кызматтары, стипендиялар, изилдөө колдоолору, жардам фонду жана студенттерге сунушталган иштөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да маалымат берди.
Университетте болжол менен 1400 студентке жатакана берилип жатканын белгилеген Алтынташ, жаңы жатакананын ишке берилиши менен бул көрсөткүч 2500 студентке жетиши күтүлүп жатканын айтты. Ал студенттердин кесиптик өнүгүүсү менен катар коом алдындагы жоопкерчилик сезимин өнүктүрүүгө да өзгөчө маани бере турганын баса белгиледи.
Жарманкенин кирешеси студенттердин билим жолун колдойт
Тамак-аштарды даярдоого катышкан Севги Ышын ыктыярчылар студенттердин муктаждыктарына салым кошуу максатында чогулганын айтты. Ректор Жейландын студенттердин тамактануу, кийим-кече жана жашоо шартына берген маанисин эске салган Ышын, бул жердеги азыктар ушул ой менен даярдалганын билдирди.
Мурдагы жарманкелерден түшкөн каражаттар менен муктаж студенттерге жардам берилгенин айткан Ышын, быйылкы киреше да студенттердин окуу процесстерине салым кошуу үчүн колдонулаарын белгиледи. Азыктарды даярдоого эмгеги сиңгендерге жана соода кылып иш-чарага катышкандарга ыраазычылык билдирди.
Музыка жана бий топтору тилектештик иш-чарага катышты
Ачылыш сөздөрүнөн кийин жарманке музыкалык жана бий номерлери менен уланды. «Көчмөндөр бийи» заманбап бий тобу өздөрүнүн өнөрүн тартуулап, «Дастан» комузчулар тобу жана «Манастын жигиттери» тобу да сахнага чыкты.
Студенттер жана өнөр адамдары аткарган чыгармалары аркылуу Түрк дүйнөсүнүн ар кандай чыгармаларын катышуучуларга тартуулашты. Сахналык көрсөтүүлөр студенттердин муктаждыктарын колдоо максатында уюштурулган жарманкенин маданий-көркөм программасын түздү.
Тургундардын эмгеги студенттер үчүн колдоого айланды
КТМУнун аймагындагы турак-жайларда жашаган университет кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү өздөрүнүн үйлөрүндө даярдаган тамак-аштары менен жарманкеге салым кошту. Ыктыярдуу түрдө даярдалган азыктар студенттердин керектөөлөрүн канааттандыруу максатында жарманкеде сатылды. Жашоочулардын катышуусу даярдыктан сатууга чейинки тилектештиктин бир бөлүгү болду. Катышуучулардын кылган эмгеги жарманке аркылуу студенттердин билим алуу жана жашоо шарттарына салым кошмокчу..