Kыргыз-Түрк "Манас" университети менен Tүркия Республикасынын Кыыргызстандагы элчилигинин кызматташтыгында 21–27-май Түрк ашканасынын жумалыгынын алкагында «Бир дасторкондо мурас» аттуу иш-чара уюштурулду. КТМУнун Социалдык имаратында өткөн программада түрк ашканасынын кылымдарды карыткан бай мурасын сактоо жана аны келечек муундарга жеткирүү максаты коюлду.
Иш-чаранын алкагында түрк жана кыргыз ашканасынын салттуу даамдарынан шыктануу менен даярдалган өзгөчө даамдар конокторго сунушталды. "Манас" университетинин ашкана кызматкерлери тарабынан кылдаттык менен даярдалган ден соолукка пайдалуу тамактар эки боордош элдин орток маданий баалуулуктарын бир дасторкондо бириктирди. Калдыксыз ашкана түшүнүгүнүн негизинде өткөрүлгөн программада жергиликтүү жана табигый азыктарды пайдаланууга артыкчылык берилип, туруктуу гастрономия ыкмасы өзгөчө баса белгиленди.
Phd. Мекин Мустафа Кемал Өкем: «Түрк жана кыргыз элдери бирдей маданий мурасты бөлүшөт»
Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Phd. Мекин Мустафа Кемал Өкем Түрк ашканасынын жумалыгынын алкагында уюштурулган иш-чарада түрк жана кыргыз элдеринин орток маданий байланыштарына жана ашкана мурасына көңүл бурду. Өз сөзүндө КТМУнун салымы менен даярдалган бул иш-чарада түрк жана кыргыз ашканаларына таандык тамактардын биргелешип тааныштырылышына ыраазы экенин билдирип: «Биз бир тектин урпактарыбыз, бир казандан, бир нандан даам таткан элбиз», - деди. Элчи Өкем түрк ашканасы дүйнөдөгү эң бай жана ар түрдүү ашканалардын бири экенин белгилеп, тамак-аш маданиятын бөлүшүү менен береке жана биримдик дагы бекемделерин айтты.
Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев : «Бул иш-чара маданий биримдиктин мыкты үлгүсү»
КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев: «Бул иш-чара каада-салттарыбызды жана маданиятыбызды эң жакшы чагылдырган маанилүү жолугушуу болуп саналат. Түрк жана кыргыз ашканасынын тандалган даамдарын бир жерде көрүү түрк дүйнөсүнүн жана түрк элдеринин канчалык терең тамырлуу, бай жана көп кырдуу ашкана маданиятына ээ экенин көрсөтөт. Бул байлыкты бирге бөлүшүп, аны жашатып келүү биз үчүн чоң кубаныч жана сыймык булагы», - деп белгиледи.
KТМУ менен Tүркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги ортосундагы бекем кызматташтыктын маданий тармактагы көрүнүштөрүнүн бири катары бааланган бул программа түрк ашканасынын байлыгын эл аралык деңгээлде таанытууга да өз салымын кошту.