91ÊÓƵ

KTMУ Анадолу университети менен бирге Түркия жана Кыргызстан үчүн финансылык тобокелдик индексин даярдады


  • 2026-10-07

Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) менен Анадолу университетинин кызматташтыгында жүргүзүлгөн долбоордун алкагында Түркия жана Кыргызстандын финансылык системаларындагы тобокелдиктерди көзөмөлдөөгө багытталган Финансылык тобокелдик индекси (Financial Risk Meter – FRM) моделдери иштелип чыкты.

Изилдөө КТМУнун экономика жана башкаруу факультетинин окутуучусу, доц., докт. Өмер Тугсал Дорук жана Анадолу университетинин Экономика жана башкаруу факультетинин окутуучусу, профессор Хасан Мурат Эртугрул тарабынан жүргүзүлдү. КТМУнун ИИД координациялоо бөлүмү  тарабынан каржыланган долбоордун алкагында эки өлкө үчүн бирдей ыкма менен өз-өзүнчө индекстер даярдалды. Индекстер финансылык тобокелдиктердин убакыттын өтүшү менен өзгөрүшүн изилдөөгө жана экономикалык шоктордун таасирин салыштырууга багытталган. Изилдөөнүн негизги максаты — чечим кабыл алуучу органдар, финансылык мекемелер жана изилдөөчүлөр пайдалана ала турган туруктуу илимий көрсөткүч сунуштоо.

Финансылык системада топтолгон тобокелдиктер комплекстүү бааланат

Финансылык мекемелердин ортосундагы өз ара көз карандылык бир мекемеде пайда болгон көйгөйдүн башка мекемелерге да жайылышына алып келиши мүмкүн. Буга байланыштуу долбоордо мекемелердин жекече тобокелдиктери менен катар жалпы финансылык системада пайда болгон туруксуздуктарга да көңүл бурулат.

«Финансылык тобокелдик индекси» катары мүнөздөлгөн FRM финансылык мекемелердин өз ара аракеттенүү деңгээлин жана бир мезгилде финансылык стресс абалын баштан өткөрүү тенденциясын эске алуу менен системалык тобокелдикти азайтууга багытталган. Индекстин маанисинин жогорулашы моделде көзөмөлдөнгөн тобокелдиктер менен туруксуздуктардын көбөйгөнүн, ал эми төмөндөшү алардын салыштырмалуу азайганын көрсөтөт.

Бул ыкма өз алдынча туруктуу көрүнгөн финансылык мекеме да жалпы системадагы шоктордун таасирине дуушар болушу мүмкүн экенин эске алат. Ошентип, тобокелдиктерди финансылык мекемелердин өз ара байланышынын алкагында баалоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бирдиктүү ыкма эки өлкөнүн тобокелдик динамикасын салыштырууга мүмкүндүк берет

Долбоордун алкагында Түркия жана Кыргызстан үчүн иштелип чыккан эки башка индексте бирдей методологиялык ыкма колдонулду. Бул бирдиктүү алкак ар бир өлкөнүн финансылык системасындагы тобокелдиктердин өзгөрүшүн көзөмөлдөөгө жана ар кандай учурда  орун алган экономикалык өзгөрүүлөрдү салыштырмалуу түрдө изилдөөгө шарт түзөт.

Индекстер аркылуу  финансылык стресстин күчөгөн мезгилдерин баалоо жана тобокелдиктердин убакыттын өтүшү менен өзгөрүү динамикасын айкын көрсөтүү максат кылынууда. Изилдөө эки университеттин ортосундагы илимий кызматташтыкты финансылык системаларды көзөмөлдөөгө багытталган практикалык колдонмого айланууда.

Кыргызстандын Финансылык тобокелдик индекси ай сайын жарыяланышы мүмкүн

Изилдөөнүн Кыргызстанга тиешелүү бөлүгү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Финансылык тобокелдик индекси» аталышы менен үзгүлтүксүз түрдө коомчулукка сунушталышы мүмкүн. Индекстин үзгүлтүксүз жарыяланып турушу чечим кабыл алуучу органдарга финансылык туруксуздуктарды көзөмөлдөөгө, банктарга жана башка финансылык мекемелерге тобокелдиктерди баалоо процесстерине салым кошууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле индекс эки өлкөнүн финансылык тобокелдик динамикасын изилдеген академиялык изилдөөлөр  үчүн маалымат булагы болуусу күтүлүүдө.

КТМУ менен Анадолу университетинин кызматташтыгынын алкагында иштелип чыккан бул изилдөө, финансылык тобокелдиктерди эрте аныктоого көмөк көрсөтүп, рыноктогу тобокелдиктердин абалын  түшүнүктүү кылган жана үзгүлтүксүз жаңыланып туруучу көрсөткүчтү коомчулукка сунуштоону максат кылат.

    Социалдык медиада бөлүшүү