Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) камкорчулар кеңеши 2026-жылдын 2-октябрында ректораттын жыйындар залында чогулду.
Жыйынга камкорчулар кеңешинин төрагасы, проф., док Ибрахим Чапак, камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү Түркия Республикасынын Президентинин Администрациясынын Стратегия жана бюджет башкармалыгынын башчысы Ибрахим Шенел, Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин аткаруу кеңешинин мүчөсү проф., док. Халим Халдун Гокташ жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова катышты. Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин аткаруу кеңешинин мүчөсү проф., док. Кемал Шеножак жыйынга онлайн форматта катышты.
Жыйында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин академиялык жана институционалдык өнүгүүсү, билим берүү ишмердүүлүгү, илимий изилдөөлөрү, эл аралык мамилелери жана университеттин келечегине багытталган стратегиялык максаттары каралды.
Долбоорлордун маанилүүлүгүнө көңүл бурган камкорчулар кеңешинин мүчөсү Айнура Исраилова кыздар жатаканасын куруу долбоору боюнча жасаган билдирүүсүндө: «Студенттик жатаканалар Кыргызстан үчүн абдан чоң инвестиция, абдан маанилүү долбоор», — деп белгиледи.
Камкорчулар кеңешинин мүчөсү, проф., док. Халим Халдун Гoкташ университеттин студенттери үчүн турак жай шартын жакшыртуу иштери үзгүлтүксүз уланып жатканын билдирди. Бул алкакта акыркы жолу жатаканаларга жасалган зыяратында оңдоп-түзөөдөн өткөн жана жаңыланган жатакана блоктору жеринде каралды.
Проф., док. Гокташ: «Жатаканаларды кыдырып, оңдоп-түзөөдөн өткөн жайларды көрдүк. Мындай иштер студенттерибиздин саламаттыкта жана тынчтыкта билим алуусу үчүн абдан баалуу», — деди.
Проф., док. Кемал Шеножак болсо жыйында кабыл алынган бардык чечимдер Кыргыз-Түрк «Манас» университети үчүн ийгиликтүү болушун каалады.
Сүйлөшүүлөрдө университеттин билим берүү дараметин жогорулатуу, илимий өндүрүмдүүлүктү арттыруу, студенттердин академиялык жана социалдык өнүгүүсүн колдоо, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана институционалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган иштер каралды. Ошондой эле университеттин өнүгүшүнө Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын биргелешип салым кошуусу боюнча бирдиктүү пикирге келишти.
Ишке ашырылган баалоолордун алкагында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин билим берүү жана илим тармагындагы дараметин андан ары чыңдоо, институционалдык өнүгүүнү туруктуу кылуу жана университеттин түрк дүйнөсүндөгү орду боюнча түрдүү чечимдер кабыл алынды.