Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин кабыл алуусунда өтүп жаткан "Түрк элдеринин салттуу спорт оюндары" XIV эл аралык симпозиуму Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында башталды.
Илимий программада 232 баяндама
Профессор Абдырахманова симпозиумга сегиз өлкөдөн окумуштуулар жана академиктер өздөрүнүн илимий эмгектери менен катышып жатканын билдирди. Симпозиумдун алкагында Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Кытай, Косово, Россия жана ошондой эле Татарстан, Тыва жана Карачай-Черкес Республикаларынан келген окумуштуулар да орун алганын айтты.
Ар кайсы аймактардан келген окумуштуулардын катышуусу салттуу спорт оюндарына болгон академиялык кызыгууну көрсөтүп жатканын айткан Абдырахманова, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейландын узак жылдардан бери көрсөтүп келген колдоосу симпозиумдун өнүгүшүндө маанилүү роль ойногонун, мунун аркасында эл аралык кызматташтык жыл сайын чыңдалып жатканын билдирди.
Программа Кыргызстан жана Түркиянын мамлекеттик гимндерин аткаруу менен уланды. Андан соң Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин таанытуу тасмасы катышуучулардын назарына сунушталды. Ошондой эле программанын алкагында «Манас» университетинин салттуу спорт оюндарын изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү максатында ишке ашырган иштери баяндалган «Салттуу спорт оюндары» аттуу кыска метраждуу тасма көрсөтүлдү.
«Салттуу спорт түрлөрү — маданиятыбызды келечек муундарга өткөрүүнүн эң кыска жолу»
Салттуу спортту жөн гана спорттук иш-чара катары көрбөө керектигин баса белгилеген профессор Алпаслан Жейлан, салттуу спорттун маданиятты сактоодогу жана келечек муундарга өткөрүп берүүдөгү ролун төмөнкү сөздөрү менен түшүндүрдү: «Спорт менен маданиятыбыздын кесилиши. Бул жөн гана спорт эмес. Ошол эле учурда маданиятыбызды келечек муундарга өткөрүп берүүнүн эң кыска жана эң түз жолу».
Профессор Алпаслан Жейлан симпозиумду уюштурууга эмгеги сиңген академиктерге жана катышуучуларга ыраазычылык билдирип, ар кайсы өлкөлөрдөн келген окумуштууларды Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде тосуп алууга кубанычта экенин билдирди.
КТМУнун биринчи проректору, доц. Алмаз Ибраев симпозиум түрк элдеринин тарыхын, маданиятын жана руханий дүйнөсүн салттуу спорт оюндары аркылуу кароо, биргелешкен баалуулуктарды ортого чыгаруу жана окумуштуулар ортосунда тажрыйба бөлүшүүнү чыңдоо жагынан маанилүү платформа экенин айтты.
«Көчмөндөр жаратылыш, суу жана айлана-чөйрө менен таттуу мамиледе жашаган цивилизацияны курушкан. Бул цивилизация кылымдар бою жашап келген», — деген Ибраев, бүгүнкү күндө адамзат жаратылыш менен гармонияда жашоого чоң муктаждык туюп жатканын белгиледи.
«"Манас" университети - жөн гана билим берүү мекемеси эмес»
Симпозиумдун мазмуну Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин миссиясына түздөн-түз шайкеш келерин билдирген Ибраев, университет жөн гана билим берүү мекемеси эмес экенин айтты.
«Манас» университети ошондой эле мекенин, жерин сүйгөн, өлкөсүнө кызмат кылууну максат кылган жаштарды тарбиялоону максат кыларын билдирген Ибраев, симпозиумга катышкан окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана спортчулар каралган маселелерге чоң салым кошот деген ишенимин билдирди.
Ибраев симпозиумда каралган маселелер бүгүнкү күндө да өз маанилүүлүгүн жоготпогонун белгилеп, иш-чаранын кийинки жылдарда да уланышын каалады.
Кахраманмараш Сүтчү Имам университетинин ректору, профессор Ибрахим Танер Окумуш салттуу спорт жөн гана физикалык чеберчилик жана атаандаштыктан турбай турганын билдирди.
«Бул оюндар коомдордун тарыхын, баалуулуктарын, тилектештигин жана муундан-муунга өтүп келген маданий мурасын өзүнө камтыйт», — деген Окумуш, түрк дүйнөсүнүн түрдүү аймактарында жашап жаткан салттуу спорт түрлөрү тарыхтын жана маданий жакындыктын көрсөткүчү экенин айтты.
Түрк дүйнөсүнүн салттуу спорт мурасы илимий эмгектерде каралууда
Симпозиумдун биринчи күнүндө Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Кытай, Косово жана Россиядан, ошондой эле Татарстан, Тыва жана Карачай-Черкес Республикаларынан келген академиктер жана изилдөөчүлөр тарабынан салттуу спорт оюндары жана улуттук спорт түрлөрү боюнча жасалган илимий эмгектер сунушталды.
Россия/Татарстандан TISBI Набережные Челны филиалынан келген профессор Зинаида Кузнецова «Салттуу оодарыш спортун кайра жаратуу, стандарттарды жана окуу программаларын иштеп чыгуу» деген темадагы баяндамасында оодарыш спортун кайра жаратуу жана бул тармактагы стандарттар менен окуу программаларын өнүктүрүү боюнча иштерин айтып берди.
Хожа Ахмет Ясави атындагы Эл аралык түрк-казак университетинен доцент Баглан Ермаханов болсо «Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун шкаласы (Whoqol-Bref) Каз көрсөткүчтөрүнүн анализинин негизинде университет студенттеринде дени сак жашоо образын калыптандыруу» деген темада баяндама жасады.
Салттуу спорт оюндары аянтындагы көрсөтүүлөр
Ачылыш программасынан кийин симпозиум Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Салттуу спорт оюндары аянтында уюштурулган көрсөтүү программасы менен уланды.
Түрк элдеринин салттуу спорт маданиятын жана бай мурасын чагылдырган көрсөтүүлөр катышуучуларга тартууланды. Программадан кийин ар кайсы өлкөлөрдөн келген академиктердин жана изилдөөчүлөрдүн катышуусунда илимий отурумдар өтүлдү.
«Түрк элдеринин салттуу спорт оюндары» XIV эл аралык симпозиумунун алкагында жалпысынан 21 сессия өткөрүлүп, 106 бетме-бет илимий баяндама жасалды.
3-4-октябрь күндөрү улана турган «Түрк элдеринин салттуу спорт оюндары» XIV эл аралык симпозиуму ар кайсы өлкөлөрдөн келген академиктерди жана адистерди Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде бириктирип, түрк элдеринин биргелешкен салттуу спорт мурасын илимий жактан изилдөөгө, сактоого жана келечек муундарга өткөрүп берүүгө салым кошуусун улантууда.