Кыргыз-Түрк Манас Университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан TRT Avaz телеканалынын «Түркстан күн тартиби» («Türkistan Gündemi») программасынын түз эфирине конок болду.
-Бардык жаңычылдыктардын баштоочусу – Манас
Манас телевидениеси аркылуу да бир убакта түз эфирде көрсөтүлгөн берүүдө Манас ТВнын директору, доктор Бүлент Намалдын суроолоруна жооп берген профессор Алпаслан Жейлан Манас университети бардык тармактагы жаңычылдыктардын баштоочусу болуп келатканын билдирди.
-Стратегиялык программа: «Жасалма интеллект жана маалымат инженериясы» программасы
Профессор Алпаслан Жейлан 2026-жылдын 17-июлунда эфирге чыккан берүүдө дүйнөлүк университеттердин рейтингинде алдыңкы миңдикке кирген, Борбордук Азиядагы эң өнүккөн жогорку окуу жай болгон Кыргыз–Түрк Манас университети дүйнөдөгү акыркы өнүгүүлөрдү жакындан көз салып турарын белгиледи. Ушул алкакта университеттин Инженердик факультетинин Компьютердик инженерия бөлүмүндө «Жасалма интеллект жана маалымат инженериясы» программасы ачылганын сүйүнчүлөдү. Алпаслан Жейлан бүгүнкү доордун ажырагыс бөлүгүнө айланган жасалма интеллект тармагында студенттерге дүйнөлүк деңгээлдеги билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгилеп, бул программанын Түрк дүйнөсү өлкөлөрү үчүн да стратегиялык мааниге ээ экенин айтты.
Жейлан: «Дүйнөдөгү өнүгүп жаткан системалардын ичинде жасалма интеллект жашоонун бардык тармагына кире баштады. Илимден тартып коомдук турмушка чейин бардык жерде жана бардык тармакта жасалма интеллект колдонулууда. Өлкөлөр да мындай адистерге муктаж. Биз дүйнөдөгү акыркы өнүгүүлөргө көз салуу менен Борбордук Азияда “Жасалма интеллект жана маалымат инженериясы” программасын ачып, жаштарыбызга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатабыз», – деди.
-Доор талап кылган программаларды Түркстанга алып келүү
«Бүгүнкү күндүн эң маанилүү темаларынын бири – киберкоопсуздук. Маалыматтын коопсуздугу жана киберкоопсуздук азыркы учурда абдан маанилүү. Жеке адамдар да, мамлекеттер да киберчабуулдарга туш болуп жатышат. Ушуну эске алуу менен биз Киберкоопсуздук программасын да ачтык. Киберкоопсуздук жаатындагы көйгөйлөрдү чече алган, дүйнөнү тааныган, демилгелүү жаштарды даярдайбыз», – деген ректор Жейлан Манас университети Жогорку билим берүү кеңеши (YÖK) ылайык көргөн, учурдун талабына жооп берген жаңы программаларды Түркстанда ачып жатканын белгиледи. Профессор доктор Алпаслан Жейлан: «Теңир-Тоодогу Манас университети өнүгүүлөрдүн баштоочусу болууну улантууда», – деп баса белгиледи.
-Медицина факультетине болгон чоң кызыгуу
Отуз жылдык кыялды ишке ашырып, университеттин негизделгенинин 30 жылдыгында Медицина факультетин ачышканын эске салган Кыргыз–Түрк Манас университетинин ректору, профессор, доктор Алпаслан Жейлан өткөн жылы Түркия үчүн бөлүнгөн 25 орун толугу менен толгонун, быйыл да Медицина факультетине кызыгуу абдан жогору экенин билдирди.
Профессор Алпаслан Жейлан: «Даярдоо курсунан кийин Медицина факультетинин студенттери алгачкы үч курсту Манаста окушат. Калган курстарды Түркиянын саламаттык сактоо тармагындагы эң өнүккөн мүмкүнчүлүктөргө ээ, төрт миңден ашуун окутуучусу бар Саламаттык Сактоо Илимдери Университетинде окуп бүтүрүшөт. Манас университети, өзгөчө пандемиядан кийин дүйнө үчүн эң маанилүү тармактардын бири экени аныкталган саламаттык сактоо багытында да Борбордук Азиянын лидери бойдон кала берет», – деди. Ошондой эле, ал Медицина факультетине кабыл алынган студенттердин университетке биринчи келгендеги жана окууну аяктагандан кийинки мекенине кайтуу жол киреси университет тарабынан камсыздала турганын белгиледи.
-Ректор Жейландан абитуриенттерге Манастын студенти болууга чакырык
Профессор Алпаслан Жейлан абитуриенттерди Манастын студенти болууга чакырып: «Манастын бүтүрүүчүсү болуу – дүйнөнүн бардык жеринде таанылган дипломго ээ болуу дегенди билдирет. Түркиянын ири шаарларынын биринде окуган студенттин чыгымы Манаста окуганга караганда көбүрөөк болот. Манасты тандаган студенттер өз тармагында дүйнөгө таанылган ийгиликтүү окумуштуулардан билим алып, өздөрүн эң мыкты деңгээлде өнүктүрүшөт. Алар бардык шарттары түзүлгөн, физикалык жана технологиялык инфраструктурасы толук калыптанган, заманбап кампус университетинде билим алышат», – деп, талапкерлерди Манастын үй-бүлөсүнө кошулууга чакырды.
-Дээрлик «жумуш кепилдиги бар университет»
Профессор Алпаслан Жейлан бүтүрүүчүлөр менен дайыма байланышта болушарын белгилеп, Манастын бүтүрүүчүлөрү дүйнөнүн 45 өлкөсүндө жогорку айлык акы менен иштеп жатышканын, көпчүлүгү ишкерлик менен алектенип, өз ишканаларын түзүшкөнүн айтты. Анын айтымында, ушул өзгөчөлүгү менен Манас дээрлик «жумуш кепилдиги бар университет» болуп саналат.
-Түркиядан Кыргызстанга жетүү абдан жеңил
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан Бишкекке күн сайын орточо эсеп менен беш каттам аткарыларын айтып, студенттер менен алардын үй-бүлөлөрү Кыргызстанга оңой эле келе аларын белгиледи. «Абитуриенттер «универстеттен да артык» болгон Манас университетине келип, бул чоң үй-бүлөнүн бир мүчөсү болушсун, эң жогорку деңгээлде билим алышсын, биринчи кезекте өз өлкөсүнө, андан кийин Түрк дүйнөсүнө жана жалпы адамзатка кызмат кылышсын», – деди.