Кыргыз-Түрк “Манас” университети (КТМУ) тарабынан ишке ашырылып жаткан “Айыл жана мектеп зыяраттары” аттуу социалдык жоопкерчилик долбоору 2026-жылдын жазгы семестринде Кыргызстандын ар кайсы аймактарында коомдук таасирин күчөтүү менен ишмердүүлүгүн улантууда. Долбоордун алкагында Талды-Булак, Ак-Коргон, Кара-Ой, Арал, Үч-Эмчек, Кең-Арал, Өзгөрүш, Кашка-Жол, Ак-Дөбө, Бакай-Ата жана Чалдовар айылдарына барып, айыл жергесиндеги билим берүү мекемелери менен байланыштар түзүлдү.
Зыяраттардын жүрүшүндө Бакайташ, Ак-Коргон, Көк-Арык, Арал, Сейталиев Медетбек, Касым Кайымов, А. Аристанов, Кашка-Жол, Акчал уулу Дүйшөн, Шаршенбай жана Чалдовар орто мектептеринде окуучулардын, мугалимдердин жана айыл тургундарынын катышуусунда кеңири жолугушуулар өткөрүлдү. КТМУнун Туруктуу өнүктүрүүү комиссиясынын төрагасы, профессор Кемал Полаттын жетекчилигинде теология, ветеринария, айыл чарба, педагогикалык-психологиялык кеңеш жана көмөк тармактарындагы окутуучулардан турган топ окуучулар менен баарлашып, билим алуу жана келечекти пландоо боюнча маанилүү маалыматтарды бөлүштү.
Программанын алкагында окуучуларга кесип тандоо, карьераны пландоо, убакытты натыйжалуу пайдалануу жана академиялык ийгиликке жетүүнүн жолдору боюнча семинарлар уюштурулду. КТМУнун бул кеңири социалдык жоопкерчилик демилгеси академиялык маалымат берүү менен гана чектелбестен, айыл жергесиндеги окуучулар менен университеттин ортосунда бекем көпүрө түзүүгө өбөлгө болду.