Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин академиялык жана административдик кызматкерлери, алардын үй-бүлөлөрү жана студенттер Курман айт майрамына байланыштуу КТМУнун Социалдык имаратында уюштурулган куттуктоо программасында университет жетекчилиги менен жолугушту. Университет жамааты өз ара куттуктоолорду жана жакшы тилектерди бөлүшүп, майрамдык дасторкондо чогулушуп, Курман айттын руханий маанисин жана бөлүшүү маданиятын бирге сезишти.
Ректор Жейландын “Манас” жамаатына куттуктоосу
Түркиядагы кызматташтык жолугушууларына байланыштуу иш-чарага катыша албай калган ректор, профессор Алпаслан Жейландын Курман айтка карата куттуктоосу катышуучуларга окулду. Ал өз кайрылуусунда Курман айттын бир туугандык жана ынтымак сезимин бекемдеген маанилүү руханий баалуулук экенин белгилеп, төмөнкүлөрдү айтты: «Манас университетинин жамаатын, дос жана бир тууган Кыргызстанды, Түркияны жана бүткүл Түрк дүйнөсүн ыйык Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Бул майрам ынтымак, бөлүшүү жана бир туугандык сезимдерин дагы да бекемдеп, бүткүл адамзатка ден соолук, тынчтык жана береке алып келсин. Аллах Таалам бизди дагы көптөгөн майрамдарда биримдик жана ынтымак менен жолугуштуруп туруусун тилеймин».
Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Ибраев: «Майрамдар ынтымакты бекемдейт»
Иш-чарада биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев “Манас” жамаатын Курман айт менен куттуктап, майрамдардын коомдук ынтымакты бекемдөөгө чоң салым кошорун белгиледи. Ал өз сөзүндө: «Курман айт — биримдиктин, бөлүшүүнүн жана муктаждарды эске алуунун эң сонун үлгүсү. Жараткан кылган ибадаттарды жана чалынган курмандыктарды кабыл кылсын, элдерибиздин ортосундагы достук жана бир туугандык байланыштар түбөлүктүү болсун», — деди.
Майрамдын берекеси жана ынтымагы бөлүшүлдү
Иш-чаранын алкагында университет жетекчилиги, кызматкерлер жана кайрымдуу адамдардын колдоосу менен алынган курмандыктар союлуп, муктаж болгон жарандарга эт таратылды. Ыйык Курман айттын жардамдашуу, бөлүшүү жана ынтымак идеяларын чагылдырган бул иш-чара коом менен бирге майрамдык кубанычты бөлүшүүгө өбөлгө түздү.