Kыргыз-Түрк "Манас" университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан салттуу түрдө уюштурулуп келген Жайкы мектеп программасы быйыл да чоң кызыгуу жаратты. “Ар бир жашка, ар бир максатка билим” урааны менен ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Үзгүлтүксүз билим берүү борбору 6–10 жаштагы балдар үчүн даярдалган жайкы программасы аркылуу жаңы сезондо да балдарды университет кампусунда чогултат. Программага каттоо башталгандан кийин кыска убакыттын ичинде орундардын толук толушу ата-энелердин программага жана Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун ишмердүүлүгүнө болгон ишенимин дагы бир жолу көрсөттү. Аталган долбоордун өкүлдөрү көрсөтүлгөн жогорку кызыгуу үчүн ата-энелерге ыраазычылыгын билдиришти.
Эки жумага созула турган Жайкы мектептин алкагында балдар спорт, кол өнөрчүлүк, бий, сүрөт жана сахна өнөрү сыяктуу ар түрдүү иш-чараларга катышат. Өз тармагынын адиси болгон мугалимдердин коштоосунда өтө турган практикалык иш-чаралар аркылуу балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн, социалдык көндүмдөрүн жана өзүнө болгон ишенимин өнүктүрүү максат кылынууда. Университет кампусунда уюштурула турган иш-чаралар балдардын көңүл ачып жатып билим алуусуна шарт түзүү менен бирге, алардын изденүү, жаратуу жана өз оюн эркин билдирүү жөндөмдөрүн колдоону көздөйт. Программа жыйынтыктоочу иш-чара менен аяктайт. Балдар эки жума ичинде даярдаган эмгектерин сахнада көрсөтүү жана концерттик программа аркылуу ата-энелери менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
KТМУнун Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун өкүлдөрү Жайкы мектеп программасы университеттин коомго кызмат кылуу түшүнүгүнүн маанилүү бөлүгү экенин белгилеп, университет жогорку окуу жай гана эмес, коомдун бардык катмарына багытталган билим алуу жана өнүгүү борбору болуу миссиясын улантып жатканын билдиришти.