91Ƶ

КТМУ, Фырат жана Мунзур университеттери ортосунда кызматташтык көпүрөсү түзүлдү


  • 2026-05-22

Кыргыз-Түрк "Манас" университети менен Фырат университети жана Мунзур университетинин ортосунда академиялык кызматташтыкты чыңдоого багытталган эки тараптуу кызматташтык протоколдоруна кол коюлду.

Университеттердин ректорлору тарабынан ректорлук макамында кол коюлган протоколдордун алкагында жогорку окуу жайлар ортосунда биргелешкен билим берүү жана илимий ишмердүүлүктү жүргүзүү, окутуучулар менен студенттердин алмашуу программаларын ишке ашыруу, магистранттардын, докторанттардын жана изилдөөчүлөрдүн орток долбоорлорго катышуусун колдоо максат кылынууда.

Кызматташтыктын алкагында  семинарларды, академиялык жыйындарды жана кыска мөөнөттүү академиялык программаларды уюштуруу, басылмалар, окуу-усулдук материалдар жана академиялык маалымат алмашууну өнүктүрүү пландалууда. Мындан тышкары, спорттук, көркөм жана маданий иш-чаралар аркылуу университеттер ортосундагы социалдык жана маданий байланыштарды бекемдөө көздөлүүдө.

    Социалдык медиада бөлүшүү