Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагындагы Түрк дүйнөсү эстелик багындамаркум доктор Якуп Өмероглунун элесине арналган 40 көчөт жерге отургузулду. Иш-чарага ректор, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Исмет Алтынташ, окутуучулар жана студенттер катышты.
Ректор Жейлан: “Ар бир көчөт – түрк дүйнөсүнүн жалпы эстутумуна кошулган белги”
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан отургузулган көчөттөр Түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү интеллигенттеринин ысымдары менен байланышып, алардын мурасын сактап турарын белгиледи. Ал бул демилге маданий эстутумду жандуу кармоого багытталган маанилүү кадам экенин айтты.
Жейлан доктор Якуп Өмероглунун түрк дүйнөсү үчүн маанилүү инсан болгонун баса белгилеп: “Доктор Якуп Өмероглунун ысымы түрк дүйнөсүнүн жалпы маданий эстутумунда өзгөчө орунду ээлейт. Университет катары биз бул баалуу мурасты ар түрдүү иш-чаралар аркылуу сактап келебиз. Мисалы, жакында өткөрүлгөн X Эл аралык Жаш түркологдор симпозиуму да анын элесине арналган. Эми бул көчөттөр аркылуу анын ысымы түбөлүккө сакталат,” – деди.
“Манас корусу” максаты: жыл сайын 3 миң өсүмдүк отургузулат
Ректор Жейлан университет аймагындагы жашылдандыруу иштери бир гана көчөт отургузуу менен чектелбестен, кеңири экологиялык жана ландшафттык саясаттын бир бөлүгү экенин белгиледи. Анын айтымында, “Манас корусу” долбоорунун алкагында жыл сайын орточо 3 миңдей өсүмдүк, анын ичинде бадалдар, шырмалуучу өсүмдүктөр, розалар жана башка декоративдүү өсүмдүктөр отургузулат.
Ал ошондой эле мындай иш-чаралар студенттерде жаратылышка болгон жоопкерчиликти күчөтүп, экологиялык аң-сезимди калыптандырууга өбөлгө түзөрүн кошумчалады. Кампустагы ар бир жашыл аймак университеттин жашоосуна гана эмес, келечек муундарга калуучу жалпы мураска да салым кошорун белгиледи. Жаратылышты коргоо – бул маданий жана адамдык баалуулуктарды сактоо деген мааниге ээ экенин айтты.
Доктор Якуп Өмероглу ким?
Доктор Якуп Өмероглу – Түрк дүйнөсүнө арналган маданий, адабий жана илимий ишмердүүлүгү менен таанылган окумуштуу, жазуучу жана коомдук ишмер. Ал 1966-жылы Түркиянын Чанкыры шаарында төрөлгөн.
Ал 2006-жылы түзүлгөн Евразия жазуучулар бирлигинин негиздөөчүсү жана биринчи төрагасы болуп иштеп, түрк дүйнөсүндөгү жазуучуларды, акындарды жана интеллектуалдарды бириктирген көптөгөн долбоорлорду ишке ашырган. Ошондой эле “Кардеш калемлер” журналы аркылуу түрк элдеринин адабиятынын жайылышына чоң салым кошкон.
Өмероглу жаштар саясаты, маданий дипломатия жана түркология багытындагы эл аралык иш-чараларга активдүү катышкан. Анын ысымы КТМУда өткөрүлгөн бир катар илимий жана эскерүү иш-чараларында да урмат менен аталууда. Атап айтканда, университетте өткөрүлгөн X Эл аралык Жаш түркологдор симпозиуму да анын элесине арналган.