91Ƶ

Евразиянын орток тарыхы КТМУда илимий негизде талкууланды


  • 2026-03-25

Түркия Республикасынын Ататүрк маданият, тил жана тарых боюнча Жогорку мекемеси, Түрк тарых коому, Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Анкара университетинин кызматташуусунда мурдагы күнү башталган “Евразия тарыхын, тилин жана маданиятын изилдөө симпозиуму” дисциплиналар аралык талкуулар жана жаңы академиялык кызматташтык демилгелери менен жыйынтыкталды.

Эки күнгө созулган илимий жыйында Евразия мейкиндигинин тарыхый тереңдиги, тилдик катмарлары жана маданий туруктуулугу кеңири талкууланды. Анда жазма булактардан тартып археологиялык табылгаларга, көч тарыхынан санариптик мурас изилдөөлөрүнө чейинки ар кыл багыттар камтылды. Симпозиум түрк дүйнөсүнө байланышкан илимий изилдөөлөрдүн келечегине багыт берген, жаңы суроолордун, усулдук ыкмалардын жана академиялык байланыштардын калыптанышына өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча болду

Симпозиум Евразия изилдөөлөрүн дисциплиналар аралык негизде кайрадан ой жүгүртүүгө түрткү берди

КТМУнун Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында башталган симпозиумда ачылыш сөздөрүнөн кийин өткөрүлгөн атайын жыйын менен тарых, тил, маданият, археология, байыркы доор изилдөөлөрү, маданий мурас жана санариптик гуманитардык илимдер сыяктуу тармактарды жалпы изилдөө негизинде бириктирди. Симпозиумдагы баяндамалар өткөнгө багытталган илимий маалымат өндүрүү менен катар Евразия тууралуу билимди кантип сактоо, кантип чечмелөө жана аны келечекте муундарга кантип жеткирүү маселелерине да көңүл бурулду. Бул жагынан алганда, симпозиум түрк дүйнөсүн изилдөөнү классикалык тарыхый баяндамалардын чегинен чыгарып, булактарды сындоо, маданий уланмалуулук, дисциплиналар аралык ыкмалар жана санариптешүү сыяктуу заманбап академиялык багыттардын алкагында кайрадан талкууга салды.

Жазма булактардан таш айкелдерге чейин тарыхый маалыматты көп катмарлуу окуу өзгөчө белгиленди

Симпозиумдун биринчи күнүндө өткөрүлгөн жыйындарда түрк дүйнөсүнүн тарыхый изилдөөлөрүндө жазма булактар менен археологиялык материалдарды биргелешип баалоо  өзгөчө илимий алкак түздү. Көк Түрк жазуулары, адам сымал таш айкелдер, хун-түрк элементтери, грек жана латын тарыхый булактары, аска сүрөттөрү жана скиф мурастары боюнча жасалган баяндамалар Евразия тарыхын жөн гана хронологиялык баяндоонун чегинен чыгарып, көп булактуу жана көп катмарлуу талдоо чөйрөсү экенин көрсөттү.

Бул жыйындарда өзгөчө белгиленген жалпы багыт - Евразиянын тарыхында  “эмне болгон?” деген суроо менен гана эмес, “кандай далилдер менен, кандай чечмелөө алкактарында жана кандай дисциплиналар аралык куралдар аркылуу кайра түзүлөт?” деген суроо менен бирге кароо болду. Бул ыкма симпозиумдун илимий деңгээлин бекемдеген негизги факторлордун бири катары өзгөчөлөнүп турду.

Маданий мурастын корголушу жана санариптештирилиши симпозиумдун заманбап изилдөө багыты болду

Программанын экинчи негизги багытын түрк дүйнөсүнүн маданий мурасынын келечеги жана санариптештирилиши түздү. Маданият жана иденттүүлүк түшүнүктөрүнүн философиялык негиздеринен башталып, салттуу оюндар, сүт маданияты, календардык системалар, элдик ишенимдер, музыкалык мурас жана Нооруз майрамы сыяктуу темаларга чейин созулган баяндамалар маданий мурастын жашап турган жана өзгөрүлүп турган коомдук эс-тутум мейкиндиги экенин көрсөттү.

Айрыкча маданий туруктуулук, ритуалдык практикалар жана жазма/ооз эки мурастын корголушуна байланышкан талкуулар симпозиумга классикалык тарых жыйындарынан айырмалап турган маанилүү тереңдик берди. Ошентип, симпозиумда маданий мурастын заманбап ыкмалар менен кантип корголушу жана санарип доорунда кантип кайра колдонууга киргизилиши боюнча күчтүү академиялык негиз түзүлдү.

Көч, тил жана маданият мамилелери Евразиянын узак мөөнөттүү өзгөрүүсүн көрүнүктүү кылды

Экинчи күндүн отурумунда көч кыймылдары, саясий түзүлүштөр, тилдик өз ара таасирлер жана маданияттык байланыштар симпозиумда талкууланган  негизги темалардын катарына кирди. Байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейинки көч маршруттары, Селжук үстөмдүгү, кыргыз тарыхынын дастандар менен байланышы, дипломатиялык мамилелер, көчмөн коомдорундагы жаныбар символизми жана тарыхый география сыяктуу темалар аркылуу Евразиянын кыймыл, байланыш жана маданий алмашуу аймагы экени кайрадан эске салынды.

Ошондой эле түрк тили боюнча изилдөөлөргө арналган отурумдарда түркология, венгрология, XIX кылымдагы кыргыз жазма маданияты, түркчө-урду тарыхый өз ара таасири жана тарых-археология изилдөөлөрүндө географиялык маалымат системаларын колдонуу сыяктуу темалар аркылуу тил изилдөөлөрү эми жөн гана филологиялык тармак эмес, мейкиндиктик, маданий жана санариптик өлчөмдөрү бар кеңири изилдөө чөйрөсү экени баса белгиленди.

Байыркы доор илимдеринен санариптик гуманитардык илимдерге чейин созулган ыкмалык ар түрдүүлүк көңүл бурдурду

Симпозиумдун эң күчтүү жактарынын бири - баяндамалардын темасы боюнча да, ыкмасы боюнча да ар түрдүүлүгү болду. Археологиялык талдоо, тарыхый документтерди изилдөө, семиотика, маданий талдоо, салыштырмалуу тарых, мейкиндиктик анализ жана санариптик реконструкция сыяктуу ар түрдүү ыкмалардын бир академиялык аянтта биригиши Евразия изилдөөлөрү барган сайын бириккен комплекстүү изилдөө тармагына айланып жатканын көрсөттү.

Профессор Алпаслан Жейлан: “Бул жолугушуу түрк дүйнөсүнүн изилдөөлөрүнүн келечеги үчүн маанилүү баскыч болуп саналат”

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан жыйынтыктоо программасында Түркиянын ар кыл университеттеринен жана илимий чөйрөлөрүнөн келген окумуштуулардын "Манас" университетинде чогулушу түрк дүйнөсүнүн академиялык байланыштары үчүн чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи. Ректор Жейлан бул симпозиум түрк дүйнөсүнө багытталган академиялык ишмердүүлүктү эл аралык деңгээлде чыңдай турган илимий байланыш тармагы экенин билдирди. Профессор Жейлан ошондой эле "Манас" университети магистратура жана докторантура деңгээлиндеги жаш изилдөөчүлөр үчүн ачык академиялык борбор болууну максат кыларын белгилеп, түрк дүйнөсүнө багытталган илимий иштердин мындан ары да институционалдык жана туруктуу тармактар аркылуу өнүгүшү керектигин айтты.

Профессор Алпаслан Ашык: “Симпозиум маалымат алмашуудан тышкары жалпы ой жүгүртүү үчүн негиз түздү”

Симпозиумду уюштуруу комитетинин төрагасы жана гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык жыйынтыктоочу сөзүндө ар түрдүү дисциплиналардан келген изилдөөчүлөрдү бириктирген мындай илимий жыйындар бир гана маалымат алмашууну камсыздабастан, жаңы изилдөө суроолорунун, кызматташтыктардын жана жалпы академиялык багыттардын калыптанышына шарт түзөрүн белгиледи. Профессор Ашык ошондой эле симпозиум Евразиянын тарыхын, тилин жана маданиятын изилдөө менен катар жалпы тарыхый эстин маанисин түшүнүүгө, аны чечмелөөгө жана келечекке жеткирүүгө илимий негиз болоорун белгиледи.

"Манас" университети түрк дүйнөсүн изилдөө үчүн жандуу академиялык борбор катары алдыга чыкты

Жыйынтыктоочу отурумда жасалган жалпы баалоолордо Кыргыз-Түрк “Манас” университети түрк дүйнөсү менен Түркиянын ортосунда жалгыз гана символдук эмес, институционалдык жана жемиштүү академиялык көпүрө болуп кызмат кылары баса белгиленди. Бул жагынан алганда симпозиум катышуучуларды гана бириктирген иш-чара болбостон, "Манас" университетин Евразиялык изилдөөлөрдүн жандуу талкуу борборлорунун бирине айланткан илимий платформага айланды.

Тарыхый жана маданий эс тутум жеринде тажрыйбаланат

Мындан тышкары, симпозиумдун социалдык программасынын алкагында 26-мартта өтө турган тарыхый жана маданий экскурсия учурунда "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси, Бурана (Баласагун) шаарынын урандылары жана Улуттук музей жайларына зыярат кылынат. Мунун негизинде симпозиумдун катышуучулары мейкиндик, тарыхый эс тутум жана маданий мурастын ортосундагы байланыштарды түздөн-түз жеринде тажрыйбалай алышат.

    Социалдык медиада бөлүшүү